-10 градуска чейин. Өлкөдөгү кийинки жумага карата аба ырайы

Өлкөдө кийинки жумада суук түшөт. Кыргызгидромет кийинки жумада өлкөнүн аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жана кар жаашы күтүлөрүн билдирди.
Кийинки жумада Бишкекте абанын температурасынын орточо көрсөткүчү күндүзү 0 грудустан -4 градуска чейин, түнкүсүн -10 градуска чейин жетет. Өлкө боюнча 25-27-ноябрь күндөрү суук жүрүшү күтүлөт.
25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 25-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 26-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.
27-ноябрда Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.



