super.kg logo
  Саясат  

КСДП Фарид Ниязовдун кайрылуусун жарыялады. Ал президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө жооп берди

 

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, КСДПнын азыр камакта отурган өкүлү Фарид Ниязов ачык кайрылуусун жарыялады. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсү менен таанышып чыктым. Анда Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана жайгаштыруу маселелерин толугу менен ошол кездеги президенттик аппарат уюштурган деп айтылган маалымат калп. 2017-жылдын 3-ноябрында түзүлгөн атайын уюштуруу тобундагы 16 кишинин үчөө Алмазбек Атамбаевдин президенттик аппаратынын өкүлдөрү болгон. Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен уюштуруу тобу Хабибула Абдукадыр иш-чарага президенттин тууганы катары чакырылгандардын тизмесине кирген. Сооронбай Жээнбековдон Хабибула Абдукадыр ага ким болорун сураганда, жакын адамы экенин айтып, аны туугандарынын жанына отургузууну суранган", - деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргыз Республикасынын президентинин, тактап айтканда, Алмазбек Атамбаевдин аппараты тескеген деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: