super.kg logo

Түштүк кореялык ырчы жана актриса Гу Хара 28 жашында каза болду. Бир ай мурда эле анын курбусу болгон атактуу Солли өз өмүрүн кыйган

 

Түштүк кореялык ырчы, актриса Гу Хара 28 жашында каза болду. Анын жансыз денеси Сеулдагы үйүнөн табылган. Полиция кызматкерлери изилдөө иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Ага ылайык, ырчы өлүмүнөн мурун кечинде Инстаграм баракчасына өзүнүн сүрөтү менен бирге "жакшы жаткыла!" деген билдирүүнү жайгаштырган.

Буга чейин, тактап айтканда, 2019-жылы 26-майда ырчы өмүрүн кыюуга аракет кылып, ооруканага түшкөн. Менеджеринин айтымына караганда, ал катуу депрессия болуп жүргөн. Депрессияга түшүп кетүүсүнө жана дарылануусуна атактуунун хейтерлер тарабынан көп сындала бергени себеп болгон.

Гу Хара 1991-жылы 13-январда Түштүк Кореянын Сеул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 2008-жылы "Kara" тобунун курамында дебют жасап, популярдуулукка жеткен. Ырчы актриса катары өзүн сынап көрүп, "Шаардык мергенчи" ("Городской охотник") сериалына (2011) тартылган.

Атактуунун жакын курбусу болгон ырчы жана актриса Соллинин да жансыз денеси өткөн айда өз үйүндө табылган. Анын өлүмү Түштүк Кореяда талкуу жаратып, "Солли өзүн өлтүргөн жок, аны хейтерлер өлтүрдү" дегендер көп болгон. Мындан улам, аталган өлкөдө жаман комментарий жазгандар боюнча атайын мыйзам долбоору иштелип чыкмай болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.11.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге кореялык атактуулар кобунчо эле озунун жанын оздору кыят эч тушунбойм.Ушу депрессия,стресс деген тушунук жок эле болуп калса болмок:((
25.11.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Депрессия стресс деген болбогон бир жоо жомок. Кудай Таалам жашоону бир берет. Башка тобон менен жер казсан да келбейт. Кудай Таалам айткан жол менен таттуу жашасанар болбойбу.
26.11.2019. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобунчо атактуулука через постель келишет.Ар кимге салып анан атактуу болот деп окудум окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: