super.kg logo

4 адамдын өмүрүн алган Чүйдөгү автокырсык. Дагы бир адам каза болуп, бир жабырлануучу эс-учун билбей жатат

 

24-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталганы маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 8 адам жабыркаганын Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 25-ноябрга карата жабырлануучулар тууралуу билдирүү жасады.

"Кырсыктын кесепетинен жалпысынан 13 адам жаракат алган. Алардын үчөөсү (алардын бири кичинекей бала) жеринен каза болсо, бир жабырлануучу ооруканага бара жатканда жан берген. Дагы бир жабырлануучу Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Учурда Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө баш мээсинен катуу жаракат алган бир жабырлануучу эс-учун билбей жатат. Абалы өтө оор деп бааланууда.

Ушул эле оорукананын Травматология бөлүмүндө 3 бейтап жатат. Ал эми 4 жабырлануучу медициналык текшерүүдөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн", - деди маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.11.2019. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкек-Ош жолуна кан чыгарып куран окуутуп койсок кырсык бир аз болсода азайат беле
25.11.2019. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акшыңдатпай айдаса эле кырсык азайат Бишкек Ош жолунда жүргөндөр билет Ошко каттаган таксилер тимеле учуп эле кетчүдөй айдайт спринтер анан бензин ташыган камаздар 3чү болуп бири биринен авгон алышат Аллада сактанганды сактайм дейт бир шопурдун катасынан канчалаган жаран каза болуп жатат өтө өкүгүчтүү кудайым бейишин берсин туугандаоына сабыр
25.11.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aerforce,туура таксисттер катуу айдайт,бирок ичинде бара жаткан элде дагы куноо бар,мен коп байкагам катуу айдаганда элдер унчукпай кете беришет секин айда деп айтыш керек да,бекер тушпогондон кийин акча берип кетип жатасынбы бизди аман эсен жеткир деш керек.
25.11.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Степ вагон деген жинди Спринтердин жолуна каршы тилкеге чыгып 4 адамдын өмүрүн алды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: