super.kg logo

УКМК: "Баңги затын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалык башчысы 3 миң доллар акча талап кылган деп кармалды"

 

Ушул жылдын 23-ноябрында пара алып жаткан жеринен Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Н.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, ушул жылдын 7-ноябрында улуттук коопсуздук кызматына С.Р аттуу жаран Н.Б андан 3 миң доллар өлчөмүндөгү пара талап кылгандыгын айтып кайрылган.

"Бул сумма арыз менен кайрылган жарандын жолдошу И.Д.га карата козголгон кылмыш ишинде оң чечим чыгарып берүү үчүн талап кылынган. Ыкчам-тергөө иш-чарасынын алкагында, Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Н.Б. 50 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган. Кармоо операциясы учурунда Н.Б. качып кетүүгө аракет жасаган. Жыйынтыгында арыздануучу С.Р. унаасы менен сүзүп кеткенде ыкчам-тергөө тобу тарабынан колго түшкөн. Ошол эле учурда тез жардам чакырылып, арыздануучу бейтапканага жеткирилген. Анын акыбалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин "пара талап кылуу" беренеси менен иш козголуп, ал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: