Депутат: "Тарыхый тасма тартуу үчүн 150 миллион сом аз"
150 миллион сом тарыхый тасма тартуу үчүн аз. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Садык Шер-Нияз билдирди.
Комитет жыйынында “Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Кожомкул Кааба уулу жөнүндө толук метраждуу көркөм тасмага мамлекеттик заказ тууралуу” токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулду.
"Татыктуу акча берип туруп анан жыйынтык сурасак болот. Бөлүнгөн акчанынын суммасына уккан режиссёрлор дароо баш тартып жатышат. Мисалы бизде Болот Шамшиев агайыбыз бар, ал татыктуу режиссёр. Ал 280 миллион сом сурап жатат, акча бөлүп берсек, ал татыктуу тасма тартып бере алат", - деди депутат.
Буга депутат Аида Исмаилова: "Ушул сыяктуу чечимдерди кабыл алуудан мурун комитет жыйындарында талкуулап алсак болмок", - деди.
"Мен буга чейин эле акча жетпейт деп айткам. Анда силер дагы отургансыңар. Эч кимиңер уккан жоксуңар", - деди Садык Шер-Нияз.
Буга Исмаилова: "Биз кинематографиядан алыс адамдарбыз. Мына азыр билип, угуп жатабыз. Бул чечимди жокко чыгаралы анда", - деди.





1 |