super.kg logo

"Айдоочулук маданиятты сактоого чакырабыз". Бишкекте 27-28-ноябрда ири көчөлөр жабык болот (Тизме)

 

Бишкекте жана Чүй облусунда 27-28-ноябрь күндөрү ири көчөлөр жабылып, жол кыймылына чектөө коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 27-ноябрда өлкөгө Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев иш сапары менен келет. Ал эми 28-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.

"Бул жыйынга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары катышат. Эл аралык маанидеги иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында унаа каражаттарынын жүрүшүнө убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилет:

- «Манас» аэропортунан баштап Жибек Жолу кең көчөсүнө чейин;
- Фучик көчөсү менен Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Жибек Жолу кең көчөсүнөн Фучик көчөсү менен Манас кең көчөсүнө чейин;
- Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөсүнөн, Манас кең көчөсүнө чейин;
- Чүй кең көчөсү менен Манас кең көчөсү Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү менен Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
- Манас жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнөн Мамлекеттик резиденцияга чейин.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат. Жолдо жүрүү эрежелерин так сактоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: