super.kg logo
  Саясат  

"Чагымчылдык уюштуруу максатында дагы менин атымды колдонуп жатышат". Бабановдун кайрылуусу

 

"Чагымчылдык уюштуруу жана жеке мени каралоо максатында дагы бир ирет атымды колдонуп жатышат". Бул тууралуу экс-депутат Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жарыялады.

"Саясат айдыңында эки жылдан ашуун убакыттан бери жок экенимди ишенимдүү билдирип жатам. Мен бир гана ишкердик менен алектенип, өзүмдүн укуктук маселелеримди чечип жүрөм. Мени менен мурда иштешкендер толугу менен өз алдынча чечим чыгарышат. Алардын позициясы менен менин байланышым жок", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин ушул жылдын апрель айында Бабанов Кыргыз өлкөсүнө келем деп, бирок акыркы мүнөттөрдө бул кадамынан баш тарткан эле. Ал бул чечимин "менин келишиме карата үчүнчү күчтөр даярданып жатканын уктум" деп түшүндүргөн.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Ага УКМК 2 кылмыш ишин козгогон, анын бири токтотулган. Ушул жылдын 9-августунда Бабанов өлкөгө кайтып келген. Андан кийин аны Финпол менен УКМК бир нече ирет суракка чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: