super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Темировка айылынын электр чубалгыларына мамылар 2020-жылдан тарта коюлат"

 

Элдик кабар бөлүмүнө окурмандан "Ысык-Көл облусунун Темировка айылында электр чубалгылары өтө ылдый илинип, бир топ кишилерди ток урду" деген билдирүү келген.

Окурман электр чубалгыларынын мамысы жок, ар кайсы огородду тоскон бутактарга илинип турганын айткан.

Бул суроо боюнча Ысык-Көл облусунун Темировка айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Байгазаковго байланышып, төмөнкү жоопту алдык.

"Бизде ушундай көйгөй бар. Себеби Темировка айылы абдан чоң. 2005-жылы айыл кеңейип, жаңы конуштар түшкөн. Аларга үйлөр салынып, акырындык менен бардык маселелер чечилүүдө. Мен айыл өкмөт башчылыкка келгениме бир жарым жыл болду. Акыркы беш ай ошол жаңы конуштардын документтерин бүтүрүү менен алек болдум. Эми тендер жарыяланды. Аны утсак эле тургундар кайрылып жаткан электр чубалгыларынын маселеси чечилет. Тактап айтканда, 2020-жылы биз мамыларды орнотуп баштайбыз", - деди Байгазаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.11.2019. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2020жылга чейин кудай сактап турсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: