Бишкекте мыйзамсыз коюлган объектилер мэрия тарабынан алынды











Бишкекте мыйзамсыз коюлган объектилер мэрия тарабынан алынды. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Альфа" бөлүмүнүн кызматкерлери уруксаты жок орнотулган желимдөөчү жайдын бастырмасын бузду.
Маалыматка ылайык, Курулушчулар шаарчасындагы желимдөөчү жайдын бастырмасы жана №6 үйдүн жанындагы күркө алынган. Мындан тышкары, Чүй кең көчөсүндө мыйзамсыз коюлган киоск дагы алынганын кошумчалады мэриянын маалымат кызматынан.
Бишкек мэриясы өз алдынча жерди басып алып, өз кызыкчылыгына пайдалангандарга же уруксаты жок объектилерди орнотуп алгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Оштон сабак алыпсынар!