Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда электр мамылары адам өткөн жерге кулап жатат
Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда электр мамылары биринин артынан бири кулап жатат. Мындай билдирүү бар видеону жергиликтүү басылмалардын бири жашоочулардын маалыматына таянып жүктөдү.
Видеону тарткан адам ал көчөдөн өтүп бара жатканда эле мамылар биринин артынан бири кулап түшкөнүн айтат.
"Бул бир күнү үйдү, унааны же жолдон өтүп бараткан балдарды басып калат. Азыр эле бир мамы кулаган, мен аны тартканга үлгүрбөй калдым. Мамыны орноткондо түбүнө бетон куйган эмес, бирок бетондолду деп отчёт беришсе керек", - дейт ал бул абалды видеого тартып жатып.
Биз бул боюнча "Электр станциялары" ишканасына кайрылганыбызда, бул мамыларды Бишкек мэриясына караштуу "Бишкексвет" мекемеси орнотушкан деген маалыматты айтышты. Бишкек шаардык мэриясы бул боюнча маалыматтар такталып жатканын, андан соң билдирүү таратыларын айтты.
Кара-Жыгачта эл өткөн эле жолго мамылар кулап жатат
