super.kg logo

Чүй ОИИББи: "Кара-Балтада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-баланын өлүмү боюнча кызматкерлер төрт версия менен иштеп жатышат"

 

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-баланын өлүмүнүн бетин ачуу боюнча кызматкерлер төрт версия менен иштеп жатышат. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында Чүй ОИИББинин башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Сапарбек Асаналиев билдирди.

"Биздин кызматкерлер бул факты боюнча иштеп жатат. Азыр маркумдардын айылдаштары, жакындары суракка алынууда. Буга чейин он адам шектүү катары кармалып, бирок алардын бул кылмышка тиешеси жок болуп чыккан. Азыр төрт версия менен иштеп жатышат", - деди ал.

Окуянын-чоо жайы:

19-июнда саат 17:56 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Анда ал белгисиз бет кап кийген жарандар Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен жигити менен анын апасын бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 чамасындагы эки адамдын жансыз денелерин табышкан.

Каза болгон эне-баланын кошунасы маркум "адамдык сапаты бийик, ишине тың, жоопкерчиликтүү болчу. Уулу акыркы жылдары Бишкекте жашап жүргөн. Өзү Кара-Балта шаарында жалгыз жашачу. Бири-бирибизге жардам берип, ал мага кеңешин айтып, абдан жакын болчубуз. Эжени кыйнап, баланы мууздап өлтүрүшүптүр", - деп айтып берген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: