super.kg logo

Инстаграм порножылдыздардын аккаунттарын өчүрүп, нааразычылыкты көбөйттү

 

Инстаграм ачык сүрөт, видео жүктөбөгөнүнө карабай, 100дөй порножылдыздардын баракчаларын өчүрүп салды. Бул тууралуу BBC News жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, порножылдыздардын аккаунттарын бир жылдан бери "тазалап" келишет. Буга нааразы болгон секс-индустриянын активисттери адилеттүүлүккө жетүүнүн аракетинде жүрүшөт.

"Мен деле Шерон Стоунго окшоп Инстаграмдагы аккаунтумду активдүү колдонгум келет. Бирок мени өчүрүп салышат", - дейт порноактёрлор гильдиясынын президенти Алана Эванс. Ал көптөн бери кызматкерлеринин Инстаграм баракчасын колдонуу укугу үчүн күрөшүп келет.

Эванс социалдык тармактан өчүрүлгөн 1300 порноактёрлордун тизмесин түзүп чыккан. "Алар өздүк баракчасына ачык жылаңач сүрөттөрүн жарыялашкан эмес. Ошентсе да порножылдыздын кесибин жактырбагандыктан, бизди өчүрүп, басмырлап жатышат", - дейт Алана.

Активисттердин айтымында, 2018-жылдын аягында социалдык тармакта бир колдонуучу (же колдонуучулар тобу болушу мүмкүн) атайын порножылдыздардын аккаунттарын издеп, аларга арызданчу. Ал 100дөй аккаунтту өчүрткөн дейт нааразы болгон порножылдыздар.

Жинджер Бэнкс да секс-кызматкерлердин укугу үчүн күрөшүп келген порноактриса. "Бизге каршы арыздангандар канча кирешелерибизден куру коюп жаткандыгын түшүнүшпөйт" дейт капаланган порноактриса.

Белгилей кетсек, порножылдыздар технология өнүккөнү менен акча табуунун жаңы амалдарын табышкан. Албетте, алардын Инстаграмда катталуучулары канчалык көп болсо, ошончолук суроо-талап да бийик болгон. Ошондуктан алар майлуу-сүттүү каражат булактарынан ажырап жатканына нааразы болушууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.11.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Уурусу куч болсо, ээсин доого жыгат...
26.11.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Порно фильмдерди азыр баары көрөт. Кыз эркеги дебей көрүп калышкан. Эч кандай уяты деле болбой калган.
yrmat88 түзөттү 2019-11-26 14:20:45
26.11.2019. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrmat88,Кайсыл сайттан көрөсүң?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: