super.kg logo

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Түркиядагы "Yeniden Refah" партиясынын I конгрессине катышты

 

Түркиядагы «Yeniden Refah» саясий партиясы Анкара шаарында I Конгрессин өткөрдү. Партиянын Конгрессине 35 миңден ашык адам катышып, көп өлкөлөрдөн саясий лидерлер чакырылып, Кыргызстандын атынан “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов сыйлуу конок катары катышты. Бул тууралуу “Замандаш” партиясынын маалымат бөлүмүнөн ырасташты. Буга чейин Жеңиш Молдокматов өзүнүн фейсбук баракчасына аталган иш-чарага катышканын жарыялаган.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=805385136579369&id=100013236692540

Сүрөттө: Оңдон солго Dr.Fatih Erbakan, Жеңиш Молдокматов, Султан Абдулхамид IIнин небереси Абдулхамид Кейихан Османоглу

«Yeniden Refah» саясий партиясы көп жылдык тарыхы бар партиянын бири. Партиянын лидери Dr.Fatih Erbakan Түркиянын экс-премьер министри Necmettin Erbakanдын уулу. Necmettin Erbakan Түркиянын көптөгөн саясий-коомдук ишмерлерди тарбиялаган, дүйнөлүк лидерлердин катарына кирген күчтүү саясий ишмер болгон.

Ошондой эле аталган партиянын вице-президенти Doğan Bekin жеке баракчасы аркылуу Жеңиш Молдокматовго атайын куттуктоосун жазып калтырган.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=3166538656692971&id=100000106040065

Кыргызстандын эң жаш лидери “Замандаш” партиясынын төрагасы, урматтуу Жеңиш Молдокматовго биздин Конгресске келип, катышып кеткени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.11.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдокматов бычакка сап болчуу жигит. Бул жигитти тааныгандар анын билимдүү тажрыйбалуу экенин мактап, сыймыктануу менен айтышат.
26.11.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
көп жылдан бери мигранттарга жардам берип келген партия катары жакшы билем Замандаш партиясы силерге рахмат шайлоодо силерди колдойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: