super.kg logo
  Саясат  

Роза Отунбаева "өкмөт чукул чара көрүүсү керек" деп эсептейт

 

Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева "Азаттыктын" иликтөөсүн мамлекет көз жаздымда калтырбай, тыкыр иликтеши керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда журналисттерге билдирди.

"Өкмөт чукул чара көрүүсү керек. Ар бир министрлик өзүнүн ишин так карап чыгышы зарыл. Күнөөлүүлөр жоопко тартылсын.

Мамлекеттик мүлк тууралуу ойлонушу керек. Эгер өлкөдөн ири каражаттар уурдалып жаткандыгы аныкталса, мамлекет өткөн каталарын кайталабашы зарыл. 2010-жылы Бакиевдер качып кеткенде, мамлекет өз каражаттарын кайтара албай калды. Шал болуп отурабыз...

Ар бир министрлик мыйзамдардын, келишимдердин баарын даярдап, мындай кырдаалда бүтүндөй өлкөнүн укугун, кызыкчылыгын коргоп алгандай болушу шарт. Ушундай иштер пайда болгондо, тез арада баш-аягын ордуна коюп, элди тынчтандыра турган жооп болуш керек. Болбосо баары эле качып кетип жатат. Түркия же Араб өлкөлөрү болобу ошолор менен келишим түзүү зарыл. Бара-бара бизде дагы тажрыйба пайда болот деп ойлойм"
, - деди Отунбаева






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: