super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда күбө: "Леонид Маевский менен мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жолуккан"

 

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүнкү отурумга утурумдук өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева күбө катары чакырылган. Ал өз көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-майында Чотонов Ошто болсо, Текебаев өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн, борбордо калганын белгилеген. Себеби бул күнү өлкөнүн түштүгүндө баш аламандык башталганын айткан.

Андан кийин отурумга күбө катары ошол кездеги утурумдук өкмөттүн аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев сурак берди. Текебаевдин жактоочусу ага: "2010-жылдын 13-май күнү сиздин эсиңизде барбы, ошол күнү Текебаевге жолуктуңуз беле?", - деген суроо узатты.

"Ал күнү өкмөт үйүндө эртең мененки саат 08:00дөн баштап эле шашылыш жыйналыш башталган. Ал жыйналышка Өмүрбек Текебаев катышкан. Андан кийин саат 14:00дө Роза Отунбаеванын кабинетинде кайрадан жыйналыш болду. Ал жакта убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, анын арасында Өмүрбек Текебаев дагы катышкан. Ал жыйналыш 2 саатка созулган. Андан кийин Текебаев Конституциялык палатанын отурумуна кеткени эсимде", - деди Каптагаев.

Отурумдун жүрүшүндө дагы бир күбө, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматчысы Нурбек Абдырахманов сурак берди. Ал өз көрсөтмөсүндө Леонид Маевский менен мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жолукканын айтты.

"Мен Өмүрбек Чиркешович менен 2010-жылдын 1 же 2-сентябрында Москавага учуп баргам. Анда Мамлекеттик Думада жолугушуу болгон. Ошондо Леонид Маевский менен мамлекеттик инвестиция тууралуу сүйлөшүүдө жолуккан. Бирок буга чейин Леонид Маевский мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен анын кабинетинде жолуккан. Кайсы күнү экени эсимде жок", - деди ал.

Эске сала кетсек, мамлекеттик айыптоочулардын версиясында Өмүрбек Текебаев дал ошол 2010-жылдын 13-майында Леонид Маевский менен жолукканы айтылат. Жактоочу тарап бул негиздер далилсиз экенин белгилешүүдө.

Сотто судья Айнура Сатарова төрагалык кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.11.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Текебаевди кайра камап салгылачы былжыратпай
26.11.2019. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alimbek1000,
Жыттанбай жылчы ашанын акчасын алган окшойсун...
27.11.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alimbek1000,ал камалса эле жыргап кете тургандай суйлойсун да.
26.11.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев сүйлөшсө бечара Текебаев олтуруп чыктыбы ошондо.
27.11.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стрелканы 190градуска бурушкан го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: