super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамашова Матраимовдун иши боюнча өкмөттүн пикири кандай экенине кызыкты

 

"Салык кызматы менен Бажы кызматынын аткарган ишине дайыма терс ой-пикирлер айтылып келген" деп бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, кечээ борбордук аянтта коррупциянын символу болуп калган Раим Матраимовго каршы митинг болуп өттү. Бул боюнча өкмөт эмне дейт, кандай жылыш бар?" - деп депутат вице-премьер-министрге кайрылды.

"Бул боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Учурда комиссия тиешелүү иштерди жүргүзүүдө" деди Разаков.

Мамашова: "Сиздер иштеп эле жатасыңар. Бирок ушул эле учурда мамлекеттик иштерде иштебеген адамдар баарын иликтеп бүтүп койду", - деди.

Разаков мындай суроолор менен укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин айтты.

"Анда сиз эмнеге отурасыз?" - деди Мамашова.

Жеңиш Разаков тиешелүү мекемелер иликтеп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: