super.kg logo

"Күнөөлүүлөргө чара көрүлөт". Бишкек мэриясы электр мамыларынын кулап жатканы боюнча жооп берди

 

Буга чейин Бишкектин Кара-Жыгач конушунда электр мамылары эл өткөн жолго эле кулап жатат, бул кооптуу деген видео жарыяланган болчу. Видеону тарткан адам электр мамылары үйдүн, унаанын же адамдын үстүнө деле кулашы мүмкүн деп, анын кооптуулугуна көңүл бурган.

SUPER.KG порталы бул боюнча Бишкек шаардык мэриясына кайрылганда, буга күнөөлүүлөр жазаланат деп жооп беришти. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конушка электр мамылары курулуштун бардык норма, эрежелеринин негизинде орнотулган.

"Бизге жарандардан Кара-Жыгач конушунда 2 электр мамысы кулап түштү деген арыз келген. Андагы мамылар бардык нормаларды сактоо менен орнотулган. Ага карабастан, бул райондогу мамыларды орнотууга жумшалган кумдуу топурак жана 1 метр 80 сантиметр казылган тереңдик жетишсиз болуп калган. Катуу жаан мамыны бекемдеген грунтту жууп кеткен. Анын натыйжасында мамы бошоп калган.

Азыркы учурда бул аймактагы Лев Толстой көчөсүндө 7 мамы алынды. Жакынкы арада дагы 50 мамы алынып, асты бекемделип кайра орнотулат. Алардын алды дагы бир метрге тереңдетилип казылат.

Курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев капиталдык курулуш башкармалыгына бул жагдайды тез аранын ичинде көзөмөлгө алууну тапшырды. Мамыларды орнотуу жумуштарын аткарган "НК Групп" компаниясын да көзөмөлгө алып, алар койгон шаардагы бардык мамыларды текшерип чыгышат. Анын негизинде кечке чейин отчёт даярдалат. Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн жана жумушту аткарган "НК Групп" компаниясынын өкүлдөрүнө айып салынды", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Түзүлгөн кырдаал үчүн шаар бийлиги жашоочулардан кечирим сураган.






Кара-Жыгачта эл өткөн эле жолго мамылар кулап жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: