Аскер прокуратурасы "Апрель" телеканалынын эфирге чыгышына тыюу салды
Аскер прокуратурасы "Апрель" телеканалынын эфирге чыгышына тыюу салып, “Санариптик технологиялар” ЖЧКнын чечимин четке какты. Бул тууралуу аталган каналдын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тиешелүү катты "Санариптик технологиялар" ЖЧКсынын директору Кубат Оторбаевге бүгүн, 26-ноябрда жөнөтүшкөн. Бүгүн "Апрель" телеканалы эфирде өз ишин жандантмак.
Аскер прокуратурасы жөнөткөн катында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча, "Апрель-ТВ" ЖЧКсынын "Санарип технологиялар" ЖЧКсындагы үлүшү камакка алынганын эскерткен.
"Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Биримкуловдун пикири боюнча, үлүштүн камакка алынышы "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун "Санарип технологиялар" ЖЧКсынан бир нерсе талап кылууга, ичинен "Апрель" телеканалын трансляциялоого акысы жана укугу жок" дегенди түшүндүрөт. Мындан сырткары, Аскер прокуратурасы "Санариптик технологиялар" ЖЧКсынын мүчөлөрү "Апрель" телеканалынын иши боюнча уюштурган чогулушун "мыйзамсыз" деп тапкан", - деп жазылат маалыматта.
2019-жылдын 9-августунда Бишкектеги "Форум" имаратын атайын даярдыктагы жоокерлер басып алган. Анда "Апрель" каналынын кеңсесине кирип, бардык кызматкерлердин офистен чыгып кетүүсүн талап кылган.















1 |