Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өттү



Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкек шаарында ЖККУ саммитин өткөрүү учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жеңиш Разаков бир катар объекттерде даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде "Манас" эл аралык аэропорту, ошондой эле бир нече инфраструктуралык объекттер жана мейманкана комплекстери бар.
Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук коопсуздукту жана укук тартибин, жол жана өрт коопсуздугун камсыздоо, энергия менен камсыз кылуу тапшырмаларын берип, терроризмге каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.