Ленинградда жол боюнан табылган Кыргыз жаранынын жансыз денеси бүгүн мекенине жиберилет
22-ноябрда Санкт-Петербург - Москва федералдык трассасынын четинде мигранттын жансыз денеси табылгандыгы маалымдалган. Маалыматта ал Кыргыз жараны, көпүрөдөн кулап каза болгондугу белгиленген.
Кырсыктын жагдайлары жана жансыз денени мекенине жиберүү тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилиги төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Элчилик Санкт-Петербург шаарындагы диаспора менен биргеликте бул кырсыктын жагдайларын аныктап, сөөктү мекенине жиберүү иштеринин үстүнөн аракет көрдү. Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 22-ноябрда нөөмөт бөлүмгө Ленинграддын Тосно районундагы Ям-Ижора унаа жолунда жансыз дене жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Анда адамдын жансыз денесинде жабыркаган жерлери бар экендиги байкалган. Ал 43 жашта болгон. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ал бийиктиктен кулап каза болгон. Азыркы тапта тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө, 30 күн ичинде бул факты боюнча кылмыш ишин козгоо же ишти жабуу боюнча чечим чыгат.
Каза болгон адамдын жансыз денесин өз өлкөсүнө алып кетүүгө уруксат кагаздары 25-ноябрда берилди", - деп жазылат маалыматта.
Ага ылайык, маркум "Идж Ичташ Асталди Иджа Иншаат Аноним Ширкети" акционердик компаниясынын филиалында айдоочу болуп иштеген. Аталган компания жансыз денени өлкөгө жиберүүгө кеткен чыгымдарды төлөп, аны алып кетүү үчүн анын инисине аба каттамына билет алып берген. Муну менен катар эле компания маркумдун артында калган балдарын эске алуу менен үй-бүлөсүнө 3 айлык маянасын төлөп бере турган болгон. Учурда элчилик тарабынан камсыздандыруу компаниясы тарабынан компенсация төлөп берүү маселелери каралууда.
"Маркумдун жансыз денеси бүгүн, 27-ноябрда саат 23:50дө Санкт-Петербург—Бишкек аба каттамы менен жөнөтүлөт. Бул иш элчилик тарабынан көзөмөлдөнүүдө", - деп айтылат мекеменин маалыматында.



