Улуттук курама команданын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладеш клубу менен келишимин узартты
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин "Башундара Кингс" клубу менен келишимин узартты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Маалым болгондой футболчу клуб менен келишимин дагы бир сезонго узарткан. Мурдагы сезондо Дүйшөбеков командасы менен Бангладештин чемпиондугун жана өлкө Кубогун жеңген. Жаңы сезондо "Башундара Кингс" АФК Кубогунда ойнойт.
Ошондой эле бул сезондо Бангладеш премьер-лигасында Эдгар Бернхардт, Муролим Ахмедов, Айдар Мамбеталиев жана Артур Муладжанов да ойнойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.