super.kg logo

ЖЭБ соту: Отурумда мамлекеттик айыптоочулар TBEA компаниясы жаңылаган Бишкек ЖЭБи менен Дүйшөмбү шаарындагы ЖЭБди салыштырышты

 

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Буга чейин иштин материалдарын иликтөө процесси жүргөн. Анын алкагында иштин бардык 55 тому иликтенип бүткөн. Отурумдун башында судья Инара Гилятзединова мурдагы энергетика министри, бул иште айыпталып жаткан Осмонбек Артыкбаев өз калоосу менен мамлекетке 100 миллион сом төлөгөнүн айткан.

Андан кийин тараптардын жарыш сөзү башталган. Алгачкы жарыш сөздү мамлекеттик айыптоочулар баштады. Алар тергөөдө жана ишти иликтөөдө айыпталуучуларга коюлган күнөөнү негиздеп жатат. Анда Исаков, Калиев, Назаров, Авазов "TBEA" компаниясынын электр энергия жана энергетика тармагында тажрыйбасы жок экенин билип туруп, бул фактыны эске алган эмес экендиги айтылды. Тергөөдө алардын бул ишке атайын барганы маалым болду.

Мамлекеттик айыптоочулар "TBEA" компаниясынын Тажикстан мамлекетинин Дүйшөнбү шаарында курган ЖЭБ менен Бишкек ЖЭБин салыштырышты. Ага ылайык, эки долбоорго кеткен чыгымдар, жасалган иштин сапаты жана көлөмү мисал катары келтирилди. Дүйшөнбү шаардык ЖЭБи жаңыдан баштап курулуп, толук кандуу жаңы ЖЭБ-2 тургузулганы айтылды. Ал эми Бишкек ЖЭБи курулган эмес, ал жөн гана модернизациядан өткөндүгү белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.11.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турса турду дейт да, омур бою госто иштеп Москвадагы Мурас клиникасын кайсы акчага салмак эле.
27.11.2019. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажиктер жанысын салып жатса биздикилер бар нерсени ондоп койбойт.Уурулар.
27.11.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тажиктер 386 млнго 100 пайыз бүткөн жаңы ТЕЦ курду биздикилер ТЕЦтин 30 пайызын 386 млнго курду эмне деген шермендечилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: