Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 430 миллион долларды түзөт
Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 430 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Жыйында эки тараптуу Кыргыз-Түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөн.
"Келишимде эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби да камтылган. Ошондой эле ички жана тышкы инвесторлорго бирдей укук берилип, бирдей шарт түзүлүүгө тийиш", - деди.
Депутат Пархат Тулендыбаев: "Быйыл Түркия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы экспорт менен импорттун көлөмүнүн кыскарышына кандай себептер түрткү болду?" - деп суроо узатты.
Буга Тышкы иштер министрлигинин өкүлү: "Алгачкы эки кварталда ошондой көрүнүш болгон, бирок акыркы жарым жылдыкта анын орду толтурулду" деди.
Түркия эгемен Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет болуп саналат. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү аракети жасалып жатканы да айтылды жыйында.



