Депутат: "Жайыттар боюнча талаш-тартыш, даттануулар көп"
Жайыттар боюнча талаш-тартыш, даттануулар көп. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.
Депутат айыл чарба министрлигинин өкүлүнө кайрылып: "Жайыттын чек арасы тактала элек канча талаш-тартыш жер бар?", - деди.
Буга айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев: "Атлас +" деген компания тендерди утуп алып, жайыттардын чек араларын ошол компания карайт. Учурда 11 райондун чек арасы аныкталган эмес. Себеби айрым айыл өкмөттөр макул болсо, акимдер макул болгон эмес. Негизи эки мөөр коюлушу керек, бири айыл өкмөттүкү экинчиси администрациянын башчысыныкы. Калган чек аралардын баары такталган", - деди.
Депутат: "Качан бүтөт? Бул боюнча талаш-тартыш, даттануулар көп болуп жатат. Малдын саны көбөйүп жатат?", - деди.
"Жайыттарды колдонуу боюнча өзүнчө токтом даярдап өкмөткө киргизгенбиз. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт", - деди Керималиев.



