super.kg logo

Парижде Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

 

Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Парижде сүрөт көргөзмөсүн көрсөтүүдө. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

"Жашоо - укмуш. Мен үчүн күз оор болду. Бир учурда баары бүткөндөй сезилген. Эч нерсени көргүм келбей, жашоо менен коштошуу тууралуу ойлоп калгам. Үйдө, автобуста, жадагалса жаңы керебеттен ойгонсом деле жан дүйнөм өлгөнүн ачык сезип турдум. Болгону денени өлтүрүү эле калган. Мурун мен төрөт эң оор, андан оор нерсе болбойт деп ойлочумун. Адашыпмын.

Кийинчерээк жашагым келип баштады. Ал эми өлүм тууралуу ойлор чынында жан дүйнөмдөгү оор абалдан кутулуунун айласы экен. Тамак жасап жатып, үйдү жыйнаганда, балдар менен ойноп жатканда же бир жакка сапар тартканда аң-сезимге багынбай, өзүмдү алаксытканга аракет кылдым. Калыбыма келгенде, Париждеги сүрөт көргөзмөсүнө даяр болуп калыпмын. Айланамдагылардын баары мени туура жолдо баратасың дешти.

Жашоомдогу кара жол бүттү. Азыр "кандай гана нерсе болбосун, жакшылыкка" деген сөздүн маңызына жетип жатам. Азыр ошол нерсенин баары бекер болбогонун түшүнүп жатам.

Экспозицияда кайсы бир учурдагы сезим, окуяны берген эмгектер көрсөтүлгөн. Ар кандай маанайда, ар кандай техника менен тартылган. Бирок баарында бир - өзүңө-өзүң чынчыл болуунун маанилүүлүгү тууралуу ой берилген", - деген билдирүү калтырган.

Маалыматка ылайык, Парижде орун алган сүрөт көргөзмөсү 23-ноябрда ачылган.












 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(20)
27.11.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азаматсын Алия. Атан Сокени президент кылам деп ото жанылды. Атан эмес эл жанылды. Соке кетсин.
28.11.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
yrmat88,Атасы Жээнбековду президент кылып, кыныр иштерин жашырып, билдирбей коюуну максат кылып, көмүскө ажо болом деп кыялданган. Бирок анысы ишке ашпай калды. Жээнбеков ууру досун эмес элди тандады. Бул Алия болсо моралдык жактан бузулган неме экен. Видеосун көрдүк го баарыбыз. Уятсыз
27.11.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Сокенин бүгүнкү кылыгы сокенин кадыр –баркын бекемдей албайт. Сооронбай Жээнбеков өзүнүн иш-аракеттерине жооп бере турган мезгил келгенин эч бир түшүнгүсү жок. Соке сен актанбай эле кой. Мин актан бары бир эл сага ишенбейт. Сенде коз каранды кошоматчыларын эле калды. Создорун жалган. Корунгон шылтоону айтып актанып жатасын. Жэ кет же эл менен ачык иште
27.11.2019. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Asel69, эй кок мээ статьяны окуп туруп жазчы, ошончо жагын келип атса деле!
Модератор admin_media түзөттү 2019-11-27 15:49:48
27.11.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Алия ээри менен жашап жатабы?
28.11.2019. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wibee,Алия жолдошу менен жашайт,биякта кыскартылып берилиптир,текст узун болчу,мени колдогондорго,жакындарыма рахмат,озгочо куйоомо рахмат,ушул абалдан чыгарып кеткен деп жазган страничкасында...
27.11.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Алия молодец, алга карай умтула бер. Алмаз Шаршеновичтин элге-жерге кылган бардык жакшы-жаман иштери таразаланат. Бир эле сурайын дегеним коргозмонун чыгымдарын ким толойт? ким спонсор? Бизде укмуш суротчулор бар коргозмосун Праижде эмес оздорунун айыл окмотундо да откоро алышпайт. Откорсо да элдер бармак турсун шылдындашат,акылынан айнып айылда сурот коргозмосун уюштуруп жатат деп. Элдин маданияты которулмойун эч качан онугуу болбойт.
27.11.2019. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кошоматчылыктын дагы чеги болот да,саясат жонундо тема болбогондон кийин,троллдор фабрикасында иштегендер мнеге жазып жатасынар кичине уялсанар.
27.11.2019. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Билсенер жооп берип койгула неге Шагиеева
27.11.2019. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
datkaaiym,Менин билишимче атактуулуктан качып атасынын фамилиясын албаган болуш керек. Бир интерьвюсунда ошентип окусам керек эле
27.11.2019. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат!!!Мындан да чон-чон,албан-албан ийгилик!
roksalana түзөттү 2019-11-27 18:06:07
27.11.2019. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге кара парда тагат я... Кара койнок... Чындап эле олумго даярданып калган окшойсун буга чейин... Омур бир келет... Бетине урган бороонго туруштук берип жашашын керек...
28.11.2019. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mintip-menu-suybo,орус чалыш неме ошону тушунбосо керек кара дегенди
28.11.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Avrora2017,орустар жакын адамы олгондо соссуз кара кийинишет. Тушунукттулор ай
27.11.2019. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат. Сонун экен. Шагиева молодец.
28.11.2019. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер Соке калыс чын дили менен иштесе анда матраштарды камасын анан Асылбешкасын саясаттан чыгарсын. Ошондо ишенем. Калп мен досумдан элим артык деп куру суйлобой колунан келеби матраштарды камасын кана коргозчу
28.11.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кыздын жан-дуйносун тушунбой туруп, туура эмес создорду жазбаган дурустай.Азамат кыз экен. Ийгиликтерге жетишип, бактылуу кыз болуп, уй-булон, балдарын менен аман-эсен бол. Олум жонундо ойлонуу болбойт. Ал баары бир эртедир кечтир, чыкырбаса дагы оз мезгилинде келет. Азыр сонун, укмуш жашоодо бактылуулукту сезип гана жашоо керек.
28.11.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман комментарии соссуз турдо эркектер жазышат. Колунардан к келбейт бирок. Карандаш,кистн,боек алып сурот тартып коргулочу биринчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: