Бишкекке жазда алынган автобустардын дөңгөлөктөрүн алмаштыруу үчүн 5 миллион сомдой каражат каралды
Ушул жылдын жаз айларында Бишкекте эл ташуу үчүн алынган автобустарга жаңы дөңгөлөктөр салынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясынын "Жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасынан" билди. Буга чейин шаардын жашоочулары кар жааганда жаңы автобустар линияга чыкпай калды деп билдирген болчу.
Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Бишкекте кар жааган күнү автобустардын дөңгөлөктөрү биздин климатка ылайыктуу эмес экендиги билинген.
"Жаңы алынган автобустардын дөңгөлөктөрү кышка да, жазга да ылайыктуу деген белгилер коюлган. Чынында анын дөңгөлөктөрү бардык мезгилге ылайыкталып чыгарылган. Бирок биздин өлкөдө кыш айрым өлкөлөрдөгүдөй кургак эмес, нымдуу келет. Ошондон улам биринчи кар жааганда эле биз анын дөңгөлөктөрүн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн алмаштыралы дедик. Бул үчүн 5 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнүп, тендер жарыяланып, Беларуска буюртма берилди. Ушул тапта күтүп жатабыз, товар келери менен дөңгөлөктөрү алмашат. Ага чейин "Тазалык" муниципалдык кызматы менен сүйлөшкөнбүз, алар жолго кум чачып, линиялардагы коопсуздукту коргоого көмөк көрсөтүп берип жатышат.
Бул жерде кимдир бирөөнү күнөөлөө туура эмес, алар заводдон чыккан транспорттор. Биздин климаттын өзгөчөлүгүнөн гана ушундай жагдай жаралды. Ал эми биз коопсуздукту баарынан жогору коюп дөңгөлөктөрдү алмаштырабыз", - дешти "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынан" адистер.
Ушул жылдын жаз айларында Бишкекке жаңы 60 автобус алынган. Ага 300 миллион сом каражат жумшалган.











1 |