super.kg logo

Социалдык тармактагы БеспределKG баракчасынын администраторунун бир тууганы билдирүү таратты

 

Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча кармалган БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробековдун бир тууганы Чынара Темирова коомчулукка кайрылды. Кайрылууну ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Билдирүүдө ал өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго УКМК тарабынан кармалган байкесинин окуясына көңүл бурууну айткан.

"Байкем Автандил Жоробеков 24-ноябрда кармалды. Ага "аймактар аралык касташууну козутуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал 25-ноябрда адамдарды тынчтык митингине чакырганга үндөгөн жана баракчасында жарыялаган билдирүүсү үчүн айыпталууда. Ал өлкөгө көп жакшы иштерди кылган. Ал коррупция боюнча айтуудан корккон эмес. Байкем өлкөдө сөз эркиндигине жана оюн жеткирүүдө укугу бар", - деп айткан ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу кармалганын УКМК билдирген. Кармалган жаран БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков болгон. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган.






БеспределKG баракчасынын администраторунун тууганы коомчулукка кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
Медиа-портал
27.11.2019. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызча суйлосон тушунбой калабы.Обу жоктор куйгуздунор
27.11.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурбек Чиркешовичин каяктан жардам бермек эле.Озунун артын тазалай албай атып
27.11.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Байкеңи жөндөн жөн кармабаса керек?
27.11.2019. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга окшогон безпредел ютуптан социалдык тармактардан элдин ойун бузган элге туура эмес маалыматтарды берип жаткан көчө жүгүрүк блогер жетим калган каналдарды да карап койгула.Жанылык деп чыгарышат кирип көрсөн ичнде башка эле нерсе
27.11.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эл бузар журт бузарлардын орду түрмө байкең мындайларга жазаны катуу бериш керек
Модератор admin_media түзөттү 2019-11-28 09:35:34
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: