"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системинин ишине мониторинг жүргүзүү боюнча жыйын өттү
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системинин ишине мониторинг жүргүзүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Вице-премьер-министр Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгына, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна барды.
Көчмө жыйында укук коргоо органдарынын сунуштарына негизделген "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системинин сотко чейинки модулу жеткиликтүү иштелгени айтылды.
Муну менен катар ушул жылдын ноябрь айында Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгы тарабынан "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системиндеги "тергөө сотторунун" модулуна тестирлөө жүргүзүлдү.
Ошондой эле Башкы прокуратуранын кызматкерлерине укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, өлкөдөгү райондук соттордун судьялары сыяктуу эле окутуу иш-чараларынын комплексинен өткөрүлдү.



