Бишкекте ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган 1498 адам катталган




Бишкек шаарында ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын саны 1498ге жеткен. Бул 2019-жылдын 1-январына карата катталган көрсөткүч экенин Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, ВИЧ менен жабыркагандардын 169у каза болгон. Ал эми ВИЧке кабылгандардын 22си 15 жашка чейинкилер.
СПИД менен күрөшүү борборунун адистери 28-ноябрда саат 09:30дан 11:00гө чейин "Европа" мейманканасында акысыз тестирлөө жасашат. Мындан тышкары, Республикалык СПИД борборунда саат 08:30дан баштап 12:00гө чейин тестирлөө болуп, 173 сом төлөм алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.