Ирактагы нааразычылык акциясынын кесепетинен дагы 8 адам курман болду
Иракта нааразычылык акциясынын катышуучулары менен полиция ортосундагы тирешүүнүн кесепетинен дагы 8 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Ага ылайык, жаңжал Насирия шаарында болгон. Мындан 45 адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. 9-ноябрда ирактык аскер түзүмдөрү баш аламандыкта элге карата ок атуучу куралдарды колдоно башташкан.
Эл митингге жашоонун шартынын начар болгондугуна, жумушсуздук жана коррупцияга каршы чыгышкан. Алар бийликтин отставкага кетишин талап кылышкан. Тынч негизде башталган митингдин аягы массалык баш аламандыкка айланып кеткен. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын маалыматына ылайык, Иракта баш аламандыктын айынан 1-октябрдан баштап 270 адам курман болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.