super.kg logo
  Саясат  

2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 135 миллиард 504 миллион сомго жеткен

 

2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 135 миллиард 504 миллион сомго жетти же ал планга карата 95,7 пайызга аткарылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев билдирди.

Жыйында "2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.

"2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ички дүӊ өндүрүшүнүн өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде болду. Экономиканын анык өсүшү да 3,5 пайызды түздү. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча керектөөчү баалардын индекси мурдагы жылдын декабрына карата 0,5 пайызды түзгөн.

Отчеттук мезгил аралыгында республикалык бюджеттин салык кирешелеринин көлөмү 103 миллиард 736 миллион сомду түздү же планга карата 96,1 пайызга аткарылды. Ал эми салыктык эмес кирешелер 22 миллиард 551 миллион сомду түзгөн же ал планга карата 98,9 пайызга аткарылды", - деди Токтошев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: