SUPER.KG порталына 14 жыл! Бүгүн кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган порталдын каттоодон өткөн күнү
SUPER.KG порталына 14 жыл! Сиздин ишенимдүү маалымат-маанайшат портал 2005-жылы 28-ноябрда каттоодон өткөн. Бул жөн эле дата эмес, келечеги кең, ийгиликтүү порталга айланып, окурмандарга жагымдуу кабар, музыка, кызыктуу тасмаларды тартуулоочу булактын башталышы. 14 жылда кыргыз тилдүү сайттардын сап башына чыга алган портал азыркы учурда күнү-түнү окурмандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп келет.
2006-жылы 28-мартта SUPER.KG порталы өз ишмердүүлүгүн баштады. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган Кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон.
Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган Кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздады.
Эки жылдан кийин "Медиа-портал" ишке кирген. Ошол эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган.
Андан соң портал "Элдик видео" жана "Жылнаама" менен толукталды.
Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде 2012-жылы 24-октябрда"Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылды. Бул бөлүмгө Кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттерибиз өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, кылмыш-кырсыктар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунушташат.
2014-жылы 2-майда портал "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн кыргыз тасмалары порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушту. Бул бөлүм үй кожойкелеринин, кары-жаштын ынак досуна айланды.
2017-жылдын 31-августунда порталдын мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, Play Market'ке киргизилген. Бир жыл убакыт аралыгында SUPER.KG'нин бул тиркемесин 50 миңден ашуун колдонуучу көчүрүп, ыңгайлуу шартта маалыматтар менен таанышууда.
2018-жыл, 7-декабрь. SUPER.KG порталы YouTube'дун "Күмүш баскычына" ээ болду. "Күмүш баскыч" YouTube каналынын авторлоруна жүз миңден ашуун катталуучу топтогондон кийин берилет.
Google Analytics рейтинг аныктоочу ресурсунун көрсөткүчү боюнча, SUPER.KG порталы 2018-жылы 436 миллиондон ашуун (2017-жылы 336 миллиондон ашуун) жолу каралган. Ал эми уникалдуу колдонуучуларынын саны 5 миллион 932 миңден (2017-жылы 5 миллион 175 миңден) ашкан.

Өнүгүү жолундагы порталдын ишке кириши, ийгиликтери, 13 жыл аралыгындагы урунттуу учурлары тууралуу шилтемеден окуй аласыздар.
SUPER.KG порталында катталгандардын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 80 миңге жакын. Бир айда сайтыбызга 32 миллиондон ашуун кароо болот.
28-ноябрга карата жылнаама.



