super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: "2020-жылы бажы пункттарынын баары автоматташтырылат"

 

2020-жылы бажы пункттарынын баары автоматташтырылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

"Келе жаткан жылы бажы системинин иши толугу менен санариптештирилет. Электрондук бажы кызматы болушу керек. Бул адам факторун жок кылуучу эң натыйжалуу жол. Бажы посттору заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздандырыла баштады.

2019-жылы 472 видеокамера орнотулду. Мындан сырткары, 5 бажы постторуна инспектордук көзөмөлдөөчү комплекстер коюлду. Ошондой эле өлкөгө аткезчилик жол менен ташылган күйүүчү майга бөгөт коюлат. 2020-жылдын 1-январынан тарта өлкөдөгү 975 күйүүчү май саткан жайлардын баарын эсепке алган систем автоматташтырылат. Анда күнүгө канча көлөмдө май, кайсы түрү куюлуп жатканынын баары санариптик формага алынмакчы. Мындай жол менен аткезчиликти кыскартабыз деп ойлойм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: