Жалал-Абад. Шаардагы "түнкү көпөлөктөргө" карата рейд жүрүп, 21 айым колго түштү
Жалал-Абад ШИИБи тарабынан шаарда сойкулук менен алектенген айымдарга карата 14-августта рейд жүрүп, 21 айым колго түштү. Бул тууралуу ШИИБинин башчысы Нурдин Насыркулов маалымдады. Айтымында, бул күнү 6 сауна, бир катар мейманканалар тинтүүгө алынды. "Аларды жазалай турган мыйзам жок. Мындай арам иш менен алектенген айымдарды тартипке чакыруу кыйын болууда. Антсе да айымдардын өздөрүнө, сауна, мейманкана ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз",- дейт Насыркулов.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

