super.kg logo

ЖЭБ сотунда жактоочу: "Алмазбек Атамбаев суракка келсе көп суроого жооп алмакпыз"

 

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү башталды. Буга чейин, 27-ноябрда мамлекеттик айыптоочулар судьяга ишке күнөөлөнүп жаткан тараптарга жаза чектөө боюнча сунуштарын окуп беришкен. Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу Бакыт Осмоналиев ошол кездеги өкмөт өз ишин регламентке ылайык, мыйзамдын чегинде жасаганын белгилеп өттү.

"Тергөөдө Жантөрө Жолдошевич Кытай тараптын кызыкчылыгын көздөгөн деп айтылыптыр. Эгер анын чынында эле кызыкчылыгы болгондо, Кытай тарап берген насыянын үстөгүн төмөндөтүү боюнча иш-аракеттерди көрмөк эмес. Тергөө кайсы негиздерге таянып, Жантөрө Жолдошевичти "TBEA" компаниясынын тандалышы мыйзамсыз экенин билген деп жазышкан. Ал учурда долбоорду ишке ашыруучу компанияны тандоо өкмөттүн милдети эмес болгон. Мен бул иште тергөөнүн фантазиясынан башканы көрө алган жокмун", - деди жактоочу.

Мындан тышкары, жактоочу мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев суракка чакырылса, көп суроолорго жооп алынмак экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.11.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал келген менен кыйраттып жооп берет деп ким кепилдик берет. Анын ою азыр башкада.Канткенде кун откон сайын ачылып жаткан айыптарга алиби табам деген.
28.11.2019. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек ТЭЦин модернизациялоо эч кандай техникалык экономикалык негиздемеси жок эле жасалып калганын да мамлекеттик айыптоочу айтат. Бул дагы мыйзамды одоно бузуу болуп саналат.
28.11.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаттыктын Директору Венера Джуматаева 360 мин долларлык үйдү Атамабевден белеке алганын баардык эле кыргызстандык биле бербейт болуш керек
28.11.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
«Азыр орун алмашылды. Өмүкем отурган камерада азыр ким отурат? Атамбаев. Ойлоду беле отурам деп? Жок. Отурат. Ушундай жолду кайталабай, түрмөгө отурбай элди башкаруунун жолу бар беле? Бар эле. Ал айтып атпайбы: «Саткын» деп. Биринчи саткынды эстеп көрөлүчү. Өзүнүн жолдошторун, өзүнүн үзөңгүлөштөрүн ким сатты эле? Өзүңдү бийликке алып келген адамдарды ким түрмөгө отургузду эле? Эгер өзүнүн жолдошторун, үзөңгүлөштөрүн сатпаганда бүгүн түрмөдө отурат беле? Жок. Бүгүн биздин арабызда болот болчу»,
28.11.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаевтин куноосу жок. Бут баарын Сооронбай ойлоп тапкан. Сооронбай кулака тээп, лапшаны илгенден башка эч нерсе билбейт. Жакында эл Сооронбайдын озун камайбыз.
zhaku2017 түзөттү 2019-11-28 15:45:19
29.11.2019. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жактоочу кызык жооп бериптир го. Окмот башчы тандабаса, кытай озу тандамак беле?Олконун ар бир ишине окмот башчы жооп берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: