super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кирди, учурда 1 миллион адам ошол аба менен дем алууда"

 

Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кирди, учурда 1 миллион эл ошол аба менен дем алууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдувахаб Нурбаев билдирди.

"17-ноябрда Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кирди. Өкмөт бул боюнча кандай чараларды көрүүдө? 1 миллион эл, анын арасында биздин балдарыбыз да ошол абаны жутуп жатат. Жаш балдардын жөтөлү күчөп жатат. Буга тез арада чара көрүү абзел", - деди депутат.

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Кептин ачыгы, бул маселени тез аранын ичинде чечүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби айрым жарандар отун жагат, бири чүпөрөк, бири желим, башкасы көмүр жагып жатат. Абанын булганышына эскирген унаалардын түтүнү да себеп болууда. Жолго себилип жаткан кум да чаң, бул да абанын булганышына себеп болууда. Бул маселени чечүү үчүн электромобилдерге өтүү керек. Коомдук транспортту электромобилге өткөрүү керек", - деди ал.

"Абанын 70 пайызы унаадан чыккан сапатсыз күйүүчү майдын айынан болууда", - деп кошумчалады депутат.

Буга өкмөт башчы: "Муну талдашыбыз керек", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: