super.kg logo

УКМК: "Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды"

 

Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Эркин Сопоков УКМКга сурака чакырылган. Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан Сопоковдун дипломатиялык номердеги унаасы табылган.

"Сопоковду комплекстүү текшерүү иш аракеттеринин жыйынтыгында Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери УКМКнын Тергөө башкармалыгына жиберилген.

Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча катталган. Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен "Лэнд Ровер – Рэндж Ровер" маркасындагы өздүк автоунаасын Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы.

Кылмыш-жаза кодексинин "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча катталган. Сопоковдун 200 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 миллион сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы.

Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча катталган. Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30 пайыз акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес. Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.

Сопоковдун катышуусунда тиешелүү тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ал Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(15)
28.11.2019. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Б..аааа
28.11.2019. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы эмне деген былыктар чыгат экен
29.11.2019. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ilgiz-kg01,Сопоков сайрай турган болсо, айрымдардын абийири айрандай төгүлөт го.
28.11.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коррупция дагы деле кучундо экен да, карапайым элге эле кыйын болду!
28.11.2019. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык... АКШ, Германия, Япония Кытай мамлекетинин элчилери да рендж роверде жүрүшөбү??? Же биздин каргыш тийгирлер элеби???
28.11.2019. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
PROS, эшикте кун суук да, джипта журбосо грипп болуп калышы мумкун чондор.
28.11.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бардык консулдарды текшеруу керек бардыгында бир былыктары бар ириндер!! Эл душмандары булар,Элдин акчасын урдап жеп жатат буларга Жаназа окугангада болбойт!Урулар урулар пешенесине очпойтурган кылып ууру деп жазып койуу керек кийин неберелерида намыс кылатурган кылып!!! Арам менен балдарынарды бакпагыла!!!
29.11.2019. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми күнөөнүн баарын күнөөсү жок адамга илип туруп, Раимди актап коюшат. Сооронбайдын хитрый планы бар экен.
29.11.2019. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kairat1996,Куноосу жок кишин сопоков болсо олдуго.Биротоло периште болчу деп койбопсун ошо сопоковуну
29.11.2019. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АШАнын айдоочусунан , салык кызматында орун басар кызматтарда иштеп бат эле консул болуп кеткени кызык экен.
29.11.2019. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркин Сопоков окуяны Али же башка адамга караганда жакшыраак билет. Аны кимдер өлтүрүп кеткен адамдар тууралуу аларды ким жалдаганы тууралуу жакшы эле билет.
29.11.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир кармалган чиновник ушунча миллиондогон доллар акчаларды уурдап жеп жатса,дагы Кыргызстаныбыз түтүп жаткан экен да.Эми дагы кармалбаган белгисиз уурдап жеп тоноп жаткан канчалаган чиновниктер бар.
29.11.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр бийликте олтургандар каалашынча ичип жеп тайраңдап эле жүрүшөт себеби алар жогору жак менен бир алардын камчысын чапкандар, бир күнү аларга жакпаган сөз сүйлөп же иш кылып алат болду иши бүттү баягы жеген ичкендерин чукуп казып жатып калышат.
29.11.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдыым ушулар давлэна кылып олтурмой болду.
29.11.2019. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондор камалгандан кийин ооруп калышат, орутпай жакшы баккыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: