super.kg logo

Бажалардын окуясын баяндаган "Бажарики-3" тасмасынын бет ачары өттү

 

Бүгүн, 28-ноябрда "Манас" кинотеатрында бажалардын окуясын баяндаган "Бажарики-3" тасмасынын бет ачары өттү.

Бул тасманын 1-2-бөлүгүндө 6 кызды тарбиялап, уулдуу болгусу келген каармандын окуясы баяндалат. Бирок уул ордуна уул болуп беребиз деген анын күйөө балдары улам бир кызыктын үстүнөн чыга беришет. Мында да күйөө балдардын айланасындагы күлкүлүү, кызыктуу окуялар орун алат. Бул ирет бажалар ким менен мушташат, алардын кайын атасы уулдуу боло алабы? Бул суроолорго жоопту тасманы көрүп, таба аласыз.

Продюсер Нурлан Жаныбеков "Бажарики-4" тасмасы да тартылышы мүмкүн экенин айтты. "Тасманы тартуу үчүн 1 жылдан ашык убакыт кетти. Шахтада болгон окуя, үйлөнүү той өңдүү кадрларды тартуу татаал болду”, - дейт продюсер.

Тасмада роль жараткандар: Жоробек Аралбаев, Жамиля Сыдыкбаева, Атай Өмүрбеков, Улан Жумабаев, Максат Үсөнов, Шумкар Бейшеналиев, Радик Эшимов.

Бажалардын биринин ролун аткарган Улан Барпиев: “Элге жаккан бажалардын окуясын улантып жатабыз. 3-бөлүк 1-2-лерге караганда чоңураак бюджетти талап кылды. Элден суроо-талап болсо, балким, 4-бөлүгүн да тартабыз", - дейт.






"Бажарики 3". Кайнатаны ким "өлтүрдү"?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.11.2019. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул деле комедия эмес же драма эмес же боевик эмес каша киноолордун бироосу да.....Кыргыздын киноолору бир укмуш болуп кетти го....эптеп септеп бир кино тартат да рекламасын укмуш кылып берип алышат... .
SUPER.KG видео
29.11.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Картинасы кантет кокуй.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: