super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Ташкентке учуп кетти

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Ташкент шаарына Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген. Жолугушуунун алкагында, Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бар.

Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: