Канцлер Ангела Меркель трибунага чыгам деп чалынып кетти




Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде өтүп жаткан конференцияда сөз сүйлөө үчүн трибунага чыгып бара жатып, чалынып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ага ылайык, көп тараптуу соода темасына арналган бул конференцияга соода жана өнөр жай тармагынын өкүлдөрү катышкан.
"Ангела Меркель трибунага чыгам деп тепкичти байкабай, аз жерден жыгылып кете жаздады. Канцлер чалынып, бирок кайра туруп кетти. Трибунага чыккан соң, тепкичти байкабай калганын, кийинкиде сөзсүз аны колдонорун айтып тамашалады", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, канцлер конференцияда Дүйнөлүк соода уюмунда өзгөртүү жасаш керек экендигин белгилеп өттү.
Германиянын канцлери Ангела Меркель трибунага чыгам деп мүдүрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Журо бербей кечке,
Ангела эжекемдин,
Жашы сексен беште.
Олтурса үйдө болот эле
Берсе болмок жаштарга креслону
Миссис Ангела чон эне.
Кайделе эми жок болсун
Анын акылдай акыл немистерде.