Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды



Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-октябрь күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 7-сентябрда унаа оңдоочу жайда иштеген кызматкер ишенимге кирүү жолу менен анын Хонда фит унаасын алып, ошол боюнча из жашырып кеткени жазылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө иштеринин негизинде 1983-жылы туулган Ю.А. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.