Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы: "Кыргыз өлкөсүнөн сыртка акча которууда чектөө жок"
Кыргыз өлкөсүнөн сыртка акча которууда чектөө жок, болгону тиешелүү документтер болушу керек. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын биринен Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы Эркебек Мурзабеков билдирди.
Телеберүүдө "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча аткезчилик тууралуу маселе көтөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, юрист Руслан Эсеналиев жана "Түндүк-чыгыш" бажысынын башчысы Нурлан Ражабалиев чакырылган.
"Банк системи тарабынан караганда, акча кайдан келгенин аныктоо банктын милдети же жумушу эмес. Акча которуулар боюнча банк ишмердүүлүгү мыйзамына ылайык, Кыргыз өлкөсүндө акча которуу жана акча алып жүрүүдө чектөө жок. Акча которууда бир гана шарты бар, анда акча которууда бажы мыйзамдарына ылайык, документтери болууга тийиш. Ошол документтердин негизинде гана банктар акчаны чектөөсүз которо алат. Канча сумма болсо да, ал тиешелүү документтер аркылуу тастыкталган болушу керек", - деди ал.



