super.kg logo

"Сагыздай эле чоюлат". Казакстандын тургуну жасалма жол менен даярдалган жүзүмдөр тууралуу айтты

 

Казакстандын тургуну базардан алган жүзүмдүн ичи гель экенин айтып, аны видеого тартып алган. Видеонун автору жүзүмдү жегенде даамы башкача болгондуктан ичин ачып көрүүнү туура көргөн.

"Жүзүм сыртынан табигый көрүнөт. Данеги, сабагы дагы бар. Бирок ичи толо гель экен. Сагыздай эле чоюлуп жатат. Эми жүзүмдөрдү дагы жасап калышыптыр. Эгер жүзүм ала турган болсоңор абайлаңыздар", - деген автор.

Бул видеону автор казак басылмаларынын редакциясына жиберген. Жергиликтүү басылмадан Казакстандын коомдук саламаттыкты коргоо департаментине кайрылып жооп алышкан.

"2018-2019-жылы жарандардан жүзүмгө байланыштуу билдирүү келип түшкөн эмес. Ал эми видео боюнча айта турган болсок, кыска тасмада мөмө-жемиштин сатылган дареги, кардар качан алганы, канча убакыттан кийин жүзүмдүн ичи гель экенин аныктаганы айтылган эмес. Мындан улам биз пландан тышкаркы текшерүү жүргүзө албайбыз", - деп билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.11.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда да бар бизге да бир попал болду андай жузум
30.11.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молдованын кара жузуму ошондой жесең мармилат жегендей болосуң, бир жолу бир дос чакырып конок кылганда жегенбиз, жарнама катары койсо болот экен бир жегендер кайра жебей дасторкондо жайнап тура берет экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: