super.kg logo

Орусияда турак үйдөн чыккан өрттөн эки Кыргыз жараны каза тапты

 

Сургут шаарынын Дорожный айылында жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттөн Кыргыз жарандары каза тапты. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, кырсык 26-ноябрь күнү таң эрте саат 09:00 чамасында катталган. Анда жыгачтан салынган эки кабаттуу турак үй өрттөнгөн.

"Каза болгон Кыргыз жарандар жубайлар болгон. Алар Ош облусунун Алай районунун тургундары экени аныкталды. Маркумдар 41 жаштагы Ш.У жана 37 жаштагы К.А. аттуу жарандар ал жерде батирде жашаган. Алардан тышкары өрттүн кесепетинен 6 адам жабыркаган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, каза тапкан эркек кишинин сөөгү Кыргыз диаспорасы аркылуу Ош шаарына бүгүн, 29-ноябрда жөнөтүлөт. Ал эми жубайынын сөөгү документтери даяр болгон соң алып келинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.11.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жайы жаннаттан болсун айла жооок. Артында жалгыз гана кызы калды аттин ай. Кор оокат деп кыргыз талалаап буттук
30.11.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы Жаннатта болсун.жаман иш болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: