super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда аялзатына карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча 16 күндүк иш-чарага старт берилди

 
25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн эл аралык күрөшүү күнүнө карата Кыргызстанда 16 күндүк кампания башталды. Иш-чара “Үйдөгү бейкутчулук жана тынчтыктан ааламдагы бейкутчулук жана тынчтыкка” урааны астында өтөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат-жыйынында БУУнун КРдагы туруктуу координатору Александр Авенесов билдирди. Координатордун айтымында, өлкөбүздө гендердик теңсиздиктин айынан бала төрөөнү пландоону билбегендиктен, көптөгөн аялзаты оор турмушта жашайт. “Бизде бойго жете электерге карата зордук-зомбулук, эрте бойго бүтүү фактылары тууралуу маалыматтар бар. Айтор, бул тармакта маселе көп”,- дейт А.Авенесов. КРнын ИИМинин маалыматы боюнча, Бишкекте 1 айда үй-бүлөлүк чырлардан зыян тарткан 40-50 аял ооруканаларга жеткирилет, 2 миңге жакын айым зордуктоого кабылат. Ошондой эле Кыргызстандагы айымдардын 12 пайызы бойго жете электе турмуш жолуна аттанса, адам сатуу боюнча курмандыктардын 98 пайызын аялзаты түзөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: