super.kg logo

Ош шаарында "Манас" эпосу өзбек тилине которулуп, китептин бет ачарына эки өлкөнүн маданият тармагынын өкүлдөрү катышты

 

Кечээ, 29-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан каржыланып, өзбек тилине которулган “Манас” эпосунун бет ачар аземи болду. Ага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өзбек Республикасынын маданият министринин орун басары Камола Акилова, “Түрксой” эл аралык уюмунун өкүлдөрү, адабият таануучулар, илимпоздор, окумуштуулар жана студенттер катышты. Маалыматты шаардык мэрия билдирди.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров “Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу иш-чаранын жабылуу аземине арналган иш-чараларынын башталышы “Манас” эпосуна арналып жаткандыгы чоң жышаан экендигин белгилеп, бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын негизгилери, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймык деп белгиледи.

“Манас” эпосун өзбек тилине которгон адабият таануучу Зухриддин Исомиддинов түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги, кызматташуусу чыгармаларды которуп жайылтып, үрп-адаттарды жана маданиятты көрсөтүү аркылуу чыңала тургандыгын айтты. Өзбек тилине которулган эпос Бексултан Жакиев иштеп чыккан «Манас» эпосунун кыскартылган варианты.

Ал “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан каржыланып, басылып чыккан. Иш-чаранын алкагында, студенттер манас айтып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле Бабур атындагы музыкалык драма театрынын чыгармачыл тобу тарабынан “Манас” спектакли орун алды.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 18-декабрында Туркиянын Кастамону шаарында өткөн “ТҮРКСОЙго” мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарында “Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык салтанатынын расмий жабылуу аземине карата “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отуруму жана бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
30.11.2019. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз тилинде китебиңер жок, жада калса жаш балдар үчүн, озубөк тилге которуп эмне табаар экенсиңер? Силер которгон Манас китебиңерге озубөктор көз артып кубанган деле жери жок
30.11.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А быйыдан кейин Амир Темурдун китеби өзбекчеден кыргызчага которулат.
30.11.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашыкча чыгым.Делать нечего.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: