Бишкекте баш калкалоочу жайы жок адамдар кайда барса болот? Мэрия убактылуу баш калкалоочу жайлардын даректерин жарыялады

Кыш келип, суук түшкөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы калаа ичиндеги баш калкалоочу жайларга жардам көрсөтүүчү жайлардын даректерин жарыялады. Баш калаа башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда мындай жайлар мурдагыга караганда күчөтүлгөн режимдеги жумушка өтүштү.
Мындай жайларда үй-жайсыз адамдага тамак берилет жана жылынып алууга шарттар түзүлгөн. Айрымдар ага келип тамак ичип, жылынып алып кайра кетишсе, арасында түнөп, убактылуу жашагандар да бар. Андагы тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, медицина кызматкерлери да келген жарандардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү үчүн нөөмөттө турушат.
"Баш калкалоочу жайы жок, жардамга муктаж болуп жаткандарды мында милиция кызматкерлери же "Тез жардам" кызматынын өкүлдөрү жеткириши керек. Андыктан жардамга муктаж болуп жаткан адамдарды көчөдөн көрсөңүздөр "102" же "103" кызматына чалыңыздар", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Шаардагы убактылуу баш калкалоочу жайлардын байланыш номерлери жана даректери:
Октябрь району: 12-кичи району, 0312 51-19-38, 0708074040, 0559180218. Райондук администрациянын социалдык кызмат көрсөтүү секторунун адиси - Сталбек Эсенкулов.
Свердлов району: Фере көчөсү 34А, байланыш номери 0312 360335.
Биринчи Май району: Жибек Жолу көчөсү №413, байланыш номери: 0312 304855.
Ленин району: Трудовая көчөсү №10 даректе. Байланыш: 0312 64-48-71, 0550 546622.



