Жактоочу: "Атамбаевга тергөөчүнүн талаптарын аткарган жок деп дагы бир айып тагылууда"
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевга дагы бир айып тагылууда. Маалыматты анын жактоочусу Сергей Слесарёв SUPER.KG'ге тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.
"Атамбаевга 7-8-августтан кийин тагылган айыптарына дагы бир берене менен айып тагышууда. Бул жолу аны ИИМ тергөөчүнүн талаптарын аткарбоого шектүү деп жатат", - деди ал.
Кечээ, 29-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда жаза мөөнөтүн өтөп жатып өлкөдөн чыгып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурумга Алмазбек Атамбаев мажбурлоо жолу менен алып келинген. Ага чейинки соттук отурумдарга чакырылганы менен мурдагы президент отурумга келбей жаткан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.