super.kg logo

Ош шаарында алты өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда маданий иш-чара өтүүдө

 

Бүгүн, 30-ноябрь күнү Ош шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37-отуруму өтүүдө. Шаардык мэриядан маалымдалгандай, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышууда.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келген конокторго ыраазычылык билдирип, 2019-жылы “Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун алкагында өткөн иш-чаралар туурасында айтып өттү.

“Байыркы Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” наамын татыктуу иш жүзүнө ашырып, эстафетаны өз деңгээлинде өткөрүп берүү алдында турабыз. Бир жыл аралыгында каада-салт, үрп-адаттар камтылган маданий иш-чаралар уюштурулуп, түрк тилдүү мамлекеттердин илимпоздору, окумуштуулары, адабиятчылары, чыгармачыл топтордун катышуусунда илимий-конференциялар, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Жемиштүү жылдын ири долбоору жыйынтыгына чыгуу алдында турат. Биз ынтымак, биримдик, достук мамилеге жана кызматташууларга жетише алдык”, - деди Таалайбек Сарыбашов.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 18-декабрында Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.11.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ош мээринен башкасы саясат менен убара,Мээр иш менен алек.
30.11.2019. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
baisogur,мэр
30.11.2019. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baisogur,мээрим эле де
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: